www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 18-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын Чек ара кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын «Кемин» чек ара заставасынын өздүк курамына жаңы кызматтык JAC 8 унаасын тапшырды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, автоунаанын ачкычын заставанын башчысына тапшырып жатып УКМК төрагасы чек ара бөлүктөрүн заманбап техника жана курал-жарак менен камсыздоо Комитеттин ишмердигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
«Ар бир чек ара тилкеси менин жеке көзөмөлүмдө турат. Биз чек арачыларыбыздын татыктуу кызмат өтөөсү жана алардын күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу үчүн бардык шарттарды четинен түзүп жатабыз», — деп баса белгиледи генерал-полковник Ташиев.
УКМК төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара кызматынын директору Абдикарим Алимбаев Камчыбек Ташиевге чек ара заставасында экскурсия өткөрдү.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 1-августунда «Кемин» чек ара заставасынын реконструкциядан кийин ачылыш аземи болуп өткөн. Ал түндүк аймактагы биринчи модернизацияланган объект болуп эсептелет. Заставанын имараттарында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, жаңы инфраструктуралык объектилер курулган, өздүк курамдын кызмат өтөөсү жана жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
Кемин районуна караштуу Нур айылында жайгашкан «Кемин» заставасы болжол менен 200 чакырым мамлекеттик чек аранын кайтарылышына жооптуу, анын олуттуу бөлүгү тоолуу аймактарда жана Чүй дарыясынын нугун бойлой өтөт.
Жаңы техниканын тапшырылышы жана «Кемин» заставасынын реконструкцияланышы мамлекеттик чек араны бекемдөөдө жана Чек ара кызматынын эффективдүүлүгүн жогорулатуудагы кезектеги кадам болуп, жалпылап алганда өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылууга өбөлгө түзөт.