www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 26-июнунда Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Тараз шаарында Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулунун кеңсесинин расмий ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулу Жеңишбек Асанкулов, Тараз шаарынын акими Бакытжан Орынбеков, Талас шаардык кеңешинин төрагасы Алыбий Жуманов, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тараз шаарындагы Ардактуу консулу Жанузак Бейсеубаев жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.
Ачылыш аземинин алкагында Тараз шаарынын акими Бакытжан Орынбеков менен Талас шаардык кеңешинин төрагасы Алыбий Жуманов жолугушуу өткөрүп, аймактар аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле Талас облусу менен Жамбыл облусунун ишкерлеринин катышуусунда соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого багытталган бизнес-жолугушуу уюштурулду.
Катышуучулар Ардактуу консулдун кеңсесинин ачылышы кыргыз-казак мамилелерин мындан ары бекемдөөгө, аймактар аралык кызматташтыкты активдештирүүгө жана соода-экономикалык, инвестициялык байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.
Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулу Жеңишбек Асанкулов бул демилге эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, жарандарга жана ишкерлерге колдоо көрсөтүүгө жана эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого шарт түзөрүн билдирди.
Иш-чаранын алкагында кыргызстандык делегация Жамбыл облусундагы бир катар өндүрүштүк, илимий жана маданий объектилерди көрүп чыгышты. Алардын катарында «Dala Glass» айнек чыгаруучу заводу, Жамбыл облустук тарыхый-өлкөнү таануу музейи жана Кардиохирургия жана трансплантология боюнча илимий-клиникалык борбор бар.
Бул сапар аймактын өндүрүштүк жана илимий потенциалы менен таанышууга жана эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталды.