www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында чек ара кызматкерлерине кызматтык батирлердин ачкычын тапшыруу аземи өттү.
УКМК билдиргендей, чек арачылар үчүн көп кабаттуу турак жайлар курулду.
51 аскер кызматкеринин үй-бүлөсү батирлердин ачкычын алды. Жаңы үйлөрдүн короосунда балдар аянтчасы жана волейбол аянтчасы бар.
Салтанаттуу аземге УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.
«Ушул жылдын 1-июлунан тарта офицерлердин эмгек акысын 20 миң сомго көбөйтүү чечими кабыл алынды, ал эми октябрь айында аскер кызматкерлеринин башка категорияларынын айлык акылары көтөрүлөт», - деди Ташиев чек арачыларга кайрылып.