www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусунда мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен социалдык объекттерди мамлекетке кайтаруу боюнча иштердин алкагында мурдагы бала бакчанын имараты муниципалдык менчикке өткөрүлдү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Талас облусу боюнча аймактык башкармалыгы билдиргендей, сөз Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айылындагы мурдагы бала бакчанын имараты тууралуу болууда.

Маалыматка ылайык, Боо-Терек айыл өкмөтүнүн аталган имаратты муниципалдык менчикке кайтаруу боюнча доо арызы сот тарабынан канааттандырылган. Жергиликтүү соттор чыгарган чечимдерди Кыргыз Республикасынын Жогорку соту күчүндө калтырды.

Белгиленгендей, бул чечим социалдык багыттагы объекттин мыйзамдуу укуктук макамын калыбына келтирүүгө жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоого багытталган.

Последние новости