www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас региондук башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилерине үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүлүүдө.
Текшерүү иштеринин алкагында Талас району, Ч. Айтматов көчөсү 388, 392 даректеринде жайгашкан “Сардалбек” жана “Партнер Нефть” май куюучу жайларына жергиликтүү тургундардын кайрылуусунун негизинде пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлгөн.
Жыйынтыгында “Партнер Нефть” май куюучу жайынын газ куюучу станциясы тиешелүү уруксат документтери жок курулуп, мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүп жатканы аныкталды. Бул аракеттер Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамынын талаптарын бузуу болуп саналат.
Ошондой эле Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында “Сардалбек” май куюучу жайында санитардык нормалар толук сакталбаганы белгилүү болду.
Натыйжада “Партнер Нефть” ишканасына Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 144-беренесине ылайык 200 000 сом өлчөмүндө айып салынды жана мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмө берилди. Ал эми “Сардалбек” май куюучу жайына санитардык талаптарды сактоо боюнча эскертүү берилди.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш иштерин жүргүзгөн бардык уюмдарды белгиленген талаптарды так сактоого чакырат.