www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
30-майда Талас облусунда массалык уулануу катталып, 12 адам жабыркады. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин 11 жабырлануучу амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн, 1 жабырлануучу стационардык дарыланууга алынган. 31-майда ал ооруканадан чыгарылган, абалы канааттандырарлык. Оорулуулар берген клиникалык материалдар лабораториялык изилдөөгө алынган.
Эпидемиологиялык иликтөө учурунда бардык жабыркагандар 29-майда Талас шаарындагы «Казан Шаверма» тез тамактануу жайынан шаурма жегени аныкталган.
Лабораториялык изилдөө үчүн пландан тышкары текшерүү жүргүзүлдү.
Мекемеге карата КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 80 жана 214-беренелеринин 5-бөлүгү боюнча 36 миң сомдук протоколдор түзүлгөн. Ишмердүүлүгү убактылуу токтотулд Бөлүшүү