www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талас шаарында 11-сентябрда өтө турган ири маданий иш-чарага байланыштуу борбордук аянтка алып баруучу бир катар көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Бул тууралуу ЖКККББ билдирди.
Унаа кыймылы төмөнкү көчөлөрдүн айрым тилкелеринде чектелет:
Чыңгыз Айтматов көчөсү — Алымкулов көчөсүнөн Мадиев көчөсүнө чейин;
Бердике баатыр көчөсү — Сатаев көчөсүнөн Мадиев көчөсүнө чейин;
Оторбаев көчөсү — Сатаев көчөсүнөн Мырзалиев көчөсүнө чейин;
Огомбаев көчөсү — Шамбетов көчөсүнөн Сатаев көчөсүнө чейин;
Сатаев көчөсү — Огомбаев көчөсүнөн Бердике баатыр көчөсүнө чейин;
Мырзалиев көчөсү — Оторбаев көчөсүнөн Айтматов көчөсүнө чейин;
Мадиев көчөсү — А. Оторбаев көчөсүнөн Ч. Айтматов көчөсүнө чейин.
ЖКККББ айдоочуларга сапарларын алдын ала пландап, мүмкүн болушунча альтернативдүү каттамдарды тандоону сунуштады.
Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү Талас шаарында 11-сентябрда белгиленет. Майрамдык иш-чаралар өлкөнүн көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына арналат.