www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас региондук башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Талас облусундагы курулуш объектилеринин сапатына пландан тышкары текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Нет описания фото.

Иш-чаранын алкагында инспекторлор тарабынан Талас шаарынын О. Турдалиев көчөсү 183а дарегинде курулуп жаткан соода борбору жана мейманканын курулушунда коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгы аныкталды. Ошондой эле аталган курулуш объектисинде техникалык регламенттердин сакталбагандыгы белгилүү болду.

Нет описания фото.

Натыйжада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Алтын Казык Курулуш Кей Джи” ЖЧКсына карата мыйзам бузуу фактысы боюнча протокол түзүлүп, 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Белгилей кетсек, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан өлкө аймагында курулуш тармагындагы мыйзам талаптарынын сакталышын, курулуш иштеринин сапатын жана коопсуздугун көзөмөлдөө максатында жүргүзүлүп жаткан рейддик иш-чаралардын алкагында бир катар мыйзам бузуулар аныкталып, тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Нет описания фото.

Возможно, это изображение пожарная лестница

Последние новости