www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн 16-апрелде Талас облусунун ички иштер башкармалыгында 2026-жылдын 3 ай ичинде аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы чыгарылды. Ыкчам кеңешмеге Талас ОИИБдин башчысы Бактыбек Нарчаев, ОИИБдин бөлүм жана кызматтарынын, ШРИИБдин, аймактык милиция бөлүмчөлөрүнүн башчылары жана улук тескөөчүлөрү катышышты.
Ыкчам кеңешмеде үч маселе каралып, 2026-жылдын 3 айында
аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы, Талас ОИИБ тарабынан 2026-жылдын 25-26-март күндөрү Талас обусунун аймагында эл менен болгон жолугушуу учурунда келип түшкөн арыз-даттануулар, кайрылуулар жана сунуштардын чечилиши, 9-10-апрель күндөрү Талас облусунун ШРИИБдерге жүргүзүлгөн текшерүүдө аныкталган кемчиликтер боюнча маселелер талкууланды. Ыкчам-кызматтык иш-чаралардын негизги пункттары боюнча ОИИБдин бөлүм башчылары жана шаар, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери маалымат беришип, иштөө тартиби көрсөтүлүп, жетишкендиктер жана орун алган кемчиликтер белгиленди.
Талас ОИИБдин башчысы Бактыбек Нарчаев кетирилген кемчиликтерди тез арада жоюуну талап кылды. Ички иштер органдарында кызмат өтөөдө мыйзамдуулукту так сактоо, ИИМ тарабынан коюлган тапшырмаларды жетекчилике алып, кылмыштуулуктун алдын алуу менен жарандардын ишенимине ээ болуу, элге заманбап сервистик тейлөө көрсөтүү маанилүү багыт экендигин баса белгиледи. Ошондой эле өздүк курамдын билим дэңгээлин жогорулатууга, кызматтык этиканы сактап, милдеттерди так аткарууга чакырды. Мындан сырткары кылмыштуулуктун, коррупциянын, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын, өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу, профилактика иштерин күчөтүү керектигин кошумчалады. Алдыдагы өткөрүлө турчу масштабдуу иш-чараларга даярдыкты күчөтүүнү тапшырды.
Ыкчам кеңешменин соңунда кызматтык милдеттерин толук кандуу аткарбагандыгы үчүн бир катар кызматкерлерге тартиптик чаралар көрүлдү.