www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар жол объектилерин текшерди.

Министр Суусамыр–Талас–Тараз жана Талас–Беш-Таш унаа жолдорунда аткарылып жаткан иштер менен таанышты. Ошондой эле «Чыңгыз Ааламы» жана «Манас-Ордо» тарыхый-маданий комплекстерине баруучу жана аларды айланып өтүүчү жолдордун курулушунун жүрүшүн жеринен көрдү.

Анын ичинде «Чыңгыз Ааламы» комплексине кирүүчү жол, «Манас-Ордо» комплексинин айланма жана кирме жолдорундагы иштер текшерилди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө министр подрядчы уюмдарга жана жооптуу кызматкерлерге курулуш иштеринин сапатын камсыз кылуу, белгиленген мөөнөттөрдү так сактоо жана жумуштарды өз убагында бүткөрүү боюнча тапшырмаларды берди.

Талантбек Солтобаев жол курууда сапат биринчи орунда турушу керектигин белгилеп, бардык объектилерде көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.

 

 

 

 

 

Последние новости