www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Манас шаарынын Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинин жетекчиси болуп Жамгырчиев Талантбек Анарбекович дайындалды. Тиешелүү буйрукка Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов кол койду. Бул тууралуу Манас шаарынын мэриясынын маалымат борбору билдирди.
Жамгырчиев Талантбек Анарбекович
1982-жылдын 2-апрелинде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү.
Билими жогорку. Кыргызстан Эл аралык университетинин юриспруденция адистигин аяктаган.
Эмгек жолу:
• 05.02.2007 – 14.11.2011 — ЖЧК «НААР» алдындагы «Ала-Тоо» базарынын администратору;
• 05.03.2012 – 05.08.2015 — ЖЧК «STI Logistics» компаниясында менеджер;
• 2012 – 2016 — Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин депутаты;
• 12.01.2016 – 15.10.2016 — ЖЧК «ФЛЮРА ТЕХ Строй» компаниясында башкы директордун орун басары;
• 23.10.2017 — ЖЧК «АК БУЛАК Транс ЛТД» компаниясынын башкы директору;
• 10.06.2019 – 30.07.2021 — Бишкек шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын депутаты, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы;
• 01.10.2021 – 20.12.2021 — «Бишкек унаа токтотуучу жайлары жана стоянкалары» муниципалдык ишканасынын директору;
• 2022 – 2025 — ЖЧК «АК БУЛАК Транс ЛТД» компаниясынын башкы директору.
Эске салсак, Манас шаарынын мэриясынын Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментин буга чейин жетектеп келген Саидибрагим Жакыпов ээлеген кызматынан бошотулуп, Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинин жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.