www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Ала-Тоо» депутаттык тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Хирано Рюити менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү жана эки тараптуу алакаларды кеңейтүүнүн келечеги талкууланды. Мындан тышкары, «Ала-Тоо» депутаттык тобунун мүчөлөрүнүн жакынкы күндөрү Жапонияга иш сапары күтүлүп жаткандыгы белгиленип, сапарды уюштуруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Жолугушууда депутат Талайбек Масабиров акыркы жылдары эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы тыгыз кызматташуунун натыйжасында Кыргызстан менен Жапониянын өз ара мамилелери жаңы деңгээлге көтөрүлүп, ырааттуу өнүгүп жатканын белгиледи. Ал Жапония Кыргызстандын маанилүү жана ишенимдүү өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, жапониялык кесиптештеринин чакыруусу менен «Ала-Тоо» депутаттык тобунун Жапонияга расмий иш сапары жакын арада ишке ашырылары күтүлүп жатканын кошумчалады.
Тараптар ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Депутат Талайбек Масабиров көчмөн элдердин улуттук оюндарын жана маданиятын дүйнөлүк деңгээлде даңазалаган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюну быйыл Кыргызстанда өтөрүн белгилеп, жапониялык кесиптештерин аталган эл аралык иш-чарага катышууга чакырарын билдирди.