www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиевдин экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуунун жол-жоболорун иштеп чыгуу сунушун жыйынга катышкан 112 депутаттын 87си колдоп, 14ү каршы добуш берди. “Мамлекетти ким башкарганы ачык көрүнүп жатат. Башкарган киши мамлекетти бийлеген. Президент премьер- министрдин башын аттап түзмө-түз министрге буйрук бергени мыйзамга туура келбейт. Бул Конституцияны бузуу деген сөз. Мыйзамды өзгөртүшүбүз керек. Иштеп жаткан президентти импичмент аркылуу жоопко тартса болот экен. Депутатты да тартса болот. Экс-президентти эч ким эч качан эч нерсеге тарта албай экен да. "Кыргызстанда бир гана адам эч нерсеге жооп бербейт" деген Конституцияга да туура келбейт. Анын биринчи беренесинде “мыйзам алдында баары тең” деп жазылган”,- деп айткан болчу депутат И.Масалиев.

Акыркы убакта, коомчулуктун бүйүрүн кызыткан коррупциялык чатактардын дээрлик бардыгынан эле Атамбаевдин изин издөө өнөкөткө айланды. Кээ бир учурларда мындай жүйөөлөр чындыкка жакын жагдайлар менен коштолууда. Ошондон улам да, Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратып, жоопкерчиликке тартуу сунушу жарандык коом тарабынан катуу колдоого алына баштады. Ушундай болорун алдын-ала сезе билген Атамбаев “Президенттин ишмердигинин кепилдиги жөнүндө” мыйзамын өзгөрткөн экен. ага ылайык, Кыргызстандын экс-президенти болгон адамдар кол тийбестикти алып, өлкө башчы мезгилинде жасалган аракеттери үчүн кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартылбайт, кармалып, камакка алынбайт жана тинтүүгө алынбайт, сурак бербейт.

Кечээ болсо бир нече коомдук ишмер, активисттер А.Атамбаевге өлкөнүн тышкы карызы эки эсе өсүп кеткендиги жана коррупция боюнча кылмыш ишин ачууну талап кылып чыгышты. “Башкы прокуратура “коррупция” беренеси боюнча кылмыш ишин ача алат. Атамбаевдин саясаты өлкөнүн көз карандысыздыгын жоготууга алып келет. Алмазбек Атамбаев өлкөнү башкарып турганда тышкы карыз эки эсе өстү”,- дейт Таалайбек Жумадылов. Коомдук ишмер Абдымалик Мырзаевдин айтымында, орусиялык публицист Д.Верхотуровдун “Атамбаевдин Кыргызстандын үстүндөгү карааны” китебинде өлкөдөгү коррупциялык абалга жакшы анализ жасалган: “Биз абдан коррупциялашкан мамлекетти куруппуз. Сооронбай Жээнбеков жарыяланган фактылардын негизинде тийиштүү чараларды көрүүсү керек. Мамлекеттик башкарууну түп-тамырынан бери өзгөртүү зарыл. Күлкүң келет, бизде Эмгек миграциясы боюнча министрлик бар. Бийлик анда сутенердун ролун аткарып жатабы, өз жарандарын эмгек кулчулугуна сатып?”.

Маалымат жыйынына келген активисттер Атамбаевди президент болуп турганда ачык сындап чыккандан коркушканын билдиришти. Мукар Чолпонбаевдин айтымында, АША коррупцияга каршы күрөшкө жамынып, саясий каршылаштарынан өч алып турган: “Мисалы, Атамбаевдин балдары электр энергиясын алып сатарлыктан байып жатканын ачык айтканы үчүн Эрнест Карыбеков камалып кетти. Буга окшогон фактыларды биз деле билип, анализдеп келдик. Бирок, ачык айтуу кыйын болчу. Дароо камакка алышмак”.

Булак: “Майдан.kg” 

Последние новости