www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Света айым, акыркы мезгилде өлкөдөгү кырдаал сырттан тынч көрүнгөнү менен жанагы “Титаниктин” жаназасын окуган айсбергдей эле опурталдуу. Эл саясатташып кетти демиш болушуп, бийлик элди саясатташтырып жатканын өзү билбей жаткандай. Анын үстүнө жакшы бир ойду айтам деп олтуруп ажобуз да аркы- беркини согуп атканы биликке май тамызып жаткандай . Бул тууралуу төлгө нени айтып, нени койот?

-Адам табиятынан ушундай белем, бирдемкени көрөрдө эки көзүн тең май басып калат кашайып. Атурсун жанагы “паранойа” деген соо туруп акылынан айнып калуу дарты басып жыгылыш мүмкүн. Бүгүн президент жана бийлик эмне кылууну билбей, ары-бери эле жүгүргөндөй ойлонуп- ойлонбой “согуп” атат өзү билип-билбей. Анын акылдан азап сөздөрүн угуп олтурган элге баракелде десен болот. Өзүн-өзү сыйлаган, мыйзамды сыйлаган мамлекеттерде эбак эле калыс сөзүн айтып, ар кимге өз жайын көрсөтүп койушмак.Тилекке каршы, журтуна жараша падышаң дегендей, пейил бузулуп кеткенинен улам ушундай ойго киргис нерселер жүзүн чайып жатат. Аян да ушинтип айтып жатат.

Төлгө айтып тургандай бүгүн ар кайсыл жерде бүлбүлдөп  аста-аста күйүп жатат от. Учкундан жалын тутанат деп койчу беле? Алдын алып сүйлөшүүлөр жүрбөсө, сонун деп айтуу кыйындай.Ошон үчүн кыргыз элинин эртеңи үчүн бүгүнкүдөн бир бүтүмгө келишип, жеке амбицияларын ыргытышып, ниетти түз кылып ошол эл үчүн иштеши зарыл.Башка жол жок. Камакка алуу, коркутуу жолу менен маселе чечилбейт, кайра курчуйт. Башка жол жок.

Экинчиден, бир – бир жарым айда эл жарылып кетиши мүмкүн деп айтып жатат аян. Жок, бүгүн эртең эмес...Анткени, кырдаал канча курч болсо бизге жакшы деп бийлик адашып жатата б.а. Мас акыл аста соолугушуп, акылды калчашып, биригишип атат сыягы. Сырт жактагылар, б.а башка мамлекеттер деле кыргыз бийлигин  анчейин жактырышпай турушат. Бишкектин алты-жети жеринде тутанчу өрттү көрсөтүп туру. Бирок өрт эки жерден өтө катуу чатырып күйүп кетиши мүмкүн.

-Кудай сактасын! Баса,Таласка барыпкелди деп угуп калдык?

-Ооба, Таласка барып ыйык, жайларга бардым. Кыдырып жүрүп Манас атанын жайына келсем аян түштү. Келдибековго жардам берсен болот дегендей.

-Ким?

-Аян деп атапймынбы.Жолу ачыкпы, башкабы, мүмкүн болсо жардам бербейсизби, деп атпайбы.

-Демек, колдоочулары да аракет кылып жатышат окшойт.

-Мүмкүн. Аракет кылса берекет эмеспи. Бул жакшы жышаан.

-Төлгө не дейт бул маселеде?

-Өткөндө дуба басып калыптыр деген элем. Бүгүн ал бир аз ачылып, жакшы жакка ооп калыптыр. Өзү да иштерман  айтканын жасайт экен. Айланасында көп адамдар жүрөт. Бирок алардын баары эле анын колдоочусу же досу эмес, саткындар да жүрү котур ташын койнуна катып. Этият болсун. Башкысы, жылдыздуу, астейдил аракет кылса, мүдөөсүн ишке ашырышы мүмкүн.

-Баса,бүгүн-эртең дагы бир саясатчыбыз, тагыраагы Садыр Жапаровдун казакстан аркылуу мекенине кайтары тууралуу маалыматтар бар.

-Ооба, бул чынында жылдыздуу жигит. Аян айтып тургандай ага мурун кут тушкендей. Ошол кут кеп нерсени чечип койгон.Жолу ачык, колдоочулары арбын. Кала берсе аны чет жакадагы кыргыздар жана дагы бир күч өтө  колдоп атышкандай. Кала берсе каражат жагынан да жардам беришип дегендей.Мындайда ооматтуу адам экен деп койушат сыягы.

-Садырды чек арадан киргизбей койушу мүмкүнбү?

-Ооба, ошондой аракеттерди жасагысы келгендиги көрүнүп турат. Аны эки иш менен бууйбуз деп жатышат. Бирок суу кечпей калат. Жогор жакта деле эки анжы ойдо: камасакпы жокпу деп турушат. Негизи баары ойдогудай болот. Ал келет жана президенттикке ат салышат. Жолу ачык.

Булак: “Кабар инфо”

 

Последние новости