www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сузак районунда РИИБдин кызматкерлеринин катышуусундагы “Биз кылмыштуулукка жана зордук-зомбулукка каршыбыз” аталышындагы жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйынга райондук жетекчилер, мектеп директорлору жана 300гө жакын район тургундары катышышты. Алар үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун жана эрте турмуш куруунун алдын алуу, балдарды колдоо иштерин жогорулатууну, өспүрүмдөр арасындагы топтошуп мушташууларды, кылмыштуулукту болтурбоо маселелерин талкуулашты. Жыйындын катышуучуларына мигрант үй-бүлөнүн жашоо шарты жана эрте турмуш куруунун терс жактары камтылган атайын сахналаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлдү.
Ошол эле учурда Сузак жана Атабеков айыл өкмөттөрүндө милиция кызматкерлери айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Алар мектептерде, эл көп топтолгон жайларда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту болтурбоо, кылмыштардын, бузуулардын жана ар түрдүү кырсыктардын алдын алуу багытындагы иштерди алып барышты.
Булак: NazarNews.kg