www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сууктан коркпогула, дүйнөнү алдыда ысык каптайт

2050-жылга чейин дүйнө калкынын жарымынан көбү аномалдуу жогорку температурага дуушар болот. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, аномалдуу ысык дүйнө жүзү боюнча адамдардын ден соолугуна коркунуч жаратууда. Акыркы жылдары планетада температура жогорулап, 2023-жылдын жайы рекорддук эң ысык мезгил болуп калды.

Жакынкы он жылдыктарда жогорку температура адамдардын жашоосуна кандай таасир этет. 2050-жылга чейин беш миллиарддан ашык адам жыл сайын жок дегенде бир ай аномалдуу ысыкта жашоого дуушар болот. Бул Түштүк Азиядагы жана Африкадагы жакыр өлкөлөр үчүн эң чоң коркунуч туудурат. Абалды ого бетер начарлаткан нерсе, кондиционер жана башка артыкчылыктар, мисалы, өнүккөн саламаттыкты сактоо системасы бул аймактарда кеңири таралган эмес.

Ошондой эле 2050-жылга чейин дүйнөнүн ар кайсы шаарларында жылына канча өтө ысык күн күтүлөөрү тууралуу маалыматтарды чогулткан. Маселен, азыр бери дегенде бир миллион адам жашаган Индонезиянын Пеканбару шаарында ушундай 344 күн болот. Ал эми Испаниянын борбору Мадридде тогуз күн гана эсептелген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости