www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №47 абагындагы наабайканада жасалган нандар бүгүн волонтерлор аркылуу муктаж үй-бүлөлөрдүн дасторконунан орун алат. Бул тууралуу NazarNews.kgге ЖАМКдан билдиришти.

Өлкөдө жарыяланган карантин убагында элдин негизги азыгы болгон нан Бишкектин четиндеги Ак-Босого, Арча-Бешик, Көк-Жар, Кара-Жыгач, Ак-Ордо жана башка конуштардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, муктаждарга күн сайын жеткирилүүдө. 
Бул нандар «Элден элге бекер нан!” кайрымдуулук долбоорунун негизинде камкор жарандар жана КРнын Өкмөтүнө караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын колдоосу менен таратылууда. 
Аталган долбоордун демилгечиси, Бишкек шаарынын тургуну Алмаз Раимбеков бул ишти достору Руслан Ашымов жана Тынчтык Алтымышев менен бирге баштаганын айтты. Ал: «Бул долбоор азды көп кылалы деген ой менен жаралды. Чындап эле, улам барган сайын аны колдогондор көбөйүүдө. Жакшы иштин жугуштуу болгону жакшы.

Азыр  бизди 10 чакты  конуштар, кай бир аймактар, дүкөндөр, нан ташыган фирмалар да колдоодо. Андыктан, биз аларга, анын ичинде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы, генерал Мелис Турганбаевге ыраазычылыгыбызды айтабыз», -деп билдирди.
Азыр аталган долбоор боюнча ар бир конушта бирден волонтер иштеп, ар бир волонтер муктаждар үчүн нанды 8-9 дүкөнгө  жеткирүүдө. Жалпысынан бир күндө 600гө жакын нан таратылып, 400дөй үй-бүлө камсыздалып жатат. 
Жазаларды аткаруу мамлекетик кызматынын «Келечек» мамлекеттик ишканасынын кызматкери Ызаат Тургунбаева: «Бул акция боюнча демилгечилер Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы, генерал Мелис Турганбаевге кайрылышкан. Ал кишинин колдоосу менен бул акцияга катышып калдык. №47 абакка тиешелүү наабайканада нан волонтерлер алып келген азык-түлүк менен  акысыз бышырылууда. Алгач 200 даанадан башталса, 6 күндүн ичинде 600 даанага көтөрүлдү», -деп билдирди. 
Белгилей кетсек, №47 абакта 2 наабайкана бар. Мекеменин аймагындагы наабайканада соттолгондор үчүн бышырылса, сыртындагы наабайканада жасалган нандар Бишкек шаарындагы аскер бөлүмдөрүн камсыз кылат. Мында күнүгө 1600 кг ундан 3000ден ашык нан чыгарылат. 
Бул күнү бышкан нандар Бишкек шаарынын Көк–Жар жаңы конушундагы майыптар үйүнө да жеткирилди. Аталган конуштун тургуну Күлүмкан Ашыралиева мүмкүнчүлүгү чектелген 90 адам жашаган ушул жердеги майыптар үйүнө күнүгө 40 нан алынып келине турганын билдирди.

«Азыр жакшы адамдар аркылуу бир катар кайрымдуу иштер  жасалып жатат. Эл бар ырысыбыз бар экен. Ушул нан бул жердегилердин баарына жакты. Ага берген элдин баасына таң калдым. Бирөө мен интернатта жашап жүргөндө ушул нанды жедим эле десе, бири бул нандан Советтер союзунун учурунда жеген даамды таттым дейт. Менин балам болсо, биз аскерде кызмат өтөп жүргөндө жеген нан көз алдыма тартылды деп жатат. Нан өтө даамдуу, көлөмү да чоңураак. Ушул нанга болгон сүйүүсүн арнап бышырган наабайчыларга ыраазыбыз »,-дейт ыраазы боло.
Демилгечилер нанды жабууда жана таратууда коронавирус илдетинин алдын алуу боюнча санитардык эрежелердин баары сакталып жатканын кошумчалашты.

вспаиывамиТ   Булак: NazarNews.kg

Последние новости