www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Техас (АКШ) штатында жашаган 17 жаштагы Маки Каррин буттарынын узундугу боюнча эки ирет дүйнөлүк рекорд койду. Бул тууралуу CNN телеканалы жазды.
Анын буту дүйнөдө кыздар жана өспүрүмдөр арасында эң узун экени далилденди. Кыздын бою 1 метр 98 сантиметр болсо, анын 135 сантиметри бутуна кеткен.
Апасы кызынын бою өтө узун болорун кичине кезинен эле өзү теңдүүлөргө салыштырып билгенин айтат. Учурда Маки апасынан гана эмес, атасынан, агасынан дагы узун.
Кыздын өзүнүн айтымында, жогорку класстарда окуй баштаганда боюнун айынан өзүн ыңгайсыз сезчү. Кийин Instagram аккаунт ачып алган соң белгилүү болуп кеткен. Учурда өзү сыяктуу өспүрүмдөргө боюнан уялбай, тетирисинче, сыймыктануу керектигин айтып, кеңеш берип келет.
Ал социалдык тармакка 2019-жылдын декабрь айында катталган. Ошондон тарта баракчасына 50 миңдей киши жазылды.
Булак: NazarNews.kg