www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын башына карата Кыргызстанда психикалык оорулары бар 52 миңден ашык адам каттоодо турат.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.
Анын маалыматына караганда, өлкө боюнча 138 психиатр иштейт жана психиатриялык мекемелерде жалпы 1 475 орун бар. Ошол эле учурда медициналык кызматкерлердин жетишсиздиги жана дарыгерлерге түшкөн жүктүн көптүгү көйгөй бойдон калууда.
Букуевдин айтымында, Кыргызстанда үч психиатриялык оорукана бар. Алар Бишкек шаарында жана Кызыл-Жар, Чым-Коргон айылдарында жайгашкан.
Жыйында депутат Элвира Сурабалдиева айрым бейтаптар өз убагында дарыланбай, кылмыш жасаган учурлар болуп жатканын белгиледи.
Ал мындай бейтаптарга көзөмөл жүргүзүү же алардын реестрин түзүү зарылдыгын айтты.
Өз кезегинде министрдин орун басары психикалык оорулары бар адамдардын реестрин киргизүү жана бейтаптарды өлкө боюнча бөлүштүрүү системасын борбордон ажыратуу пландары бар экенин билдирди.