www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков жарыялаган аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Ош облусунун Ош шаарында УКМК кызматкерлери үчүн жаңы курулган турак үйдү тапшыруу аземи болуп өттү. 

Бул иш чарага КР коргонуу кеңешинин катчысы Д.Сагынбаев, КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү У.Жылкыбаев, Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашев, коопсуздук органдарынын жетекчилиги жана кызматкерлери катышты. 

КР коргонуу кеңешинин катчысы Д.Сагынбаев өз сөзүндө мамлекет тарабынан бардык аймактардагы күч структураларынын кызматкерлеринин социалдык абалына өзгөчө көңүл бөлүнөөрүн белгиледи.
Андан кийин кызматкерлерге жаңы турак-үйлөрдүн ачкычтары тапшырылды.

Бул турак-үйдөн УКМК кызматкерлеринен 49 үй-бүлө өздүк батирлерге ээ болду. 

Муну менен катар Кыргыз Республикасынын Президентинин түздөн-түз колдоосу менен УКМК кызматкерлерине Ысык-Көл областынын Каракол шаарында дагы турак-үйлөрдү куруп бүтүп, тапшыруу белгиленип жатат.

Пресс-центр ГКНБ КР, тел.661455

Источник: NazarNews.kg

Последние новости