www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 8-майда Талас шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 5 ардагери сыйланды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдаган.
Маалыматка караганда, аларды вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиев, Талас шаарынын мэри Айдар Жузупбеков баш болгон чиновниктер куттуктап, акчалай сыйлыктарды тапшырышкан. Алар биринчи эле 102 жаштагы Шатманов Шаабай атаны куттукташты. Андан соң Афанасий Щербовго, Николай Золинге, Владимир Некрытовго, Далгатбек Султановго барышты. Шаабай согушта бир пулеметту жок кылганын айтып берди. Ал эми Николай ата согуштагы өткөн күндөрүн эскерип жатып ыйлап жиберди. Кийинчерээк ардагерлерге атайын акчалардан тышкары мэриядан 5000 сомдон берилгенин жазат http://www.turmush.kg/news басылмасы.
Тилекке каршы аты аталган аткаминерлер Улуу Ата Мекендик согуштун 5 ардагеринин үйүнө батинкечен кирип барышкан. Согуш апаатынан аман калып, арабыздан саналуу гана калган ардактуу аталарыбыздын үйүнө батинкечен кирип барган аткаминерлер аман эле болгула. Башыңар иштебесе айла жок да!
Баса бүгүн, 8-майда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Жеңиш күнүнө утурлай Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Усубакун Байсалов менен жолугуп чыкты, бирок батинкесин чечип эле киргени сүрөттөн көрүүгө болот.
Албетте бул салыштыруу президент Сооронбай Жэнбековго жан тартуу же кандайдыр бир "пиар" эмес. 5 жыл кааардуу согушта белчесинен канга батып келген аталарга таазим кылуу жана аларды сыйлашыбыз керектигин унутпасак. Калганына эл тараза-эл сынчы!
Булак: NazarNews.kg