www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнө жүзүндө эң коопсуз өлкөлөрдүн тизмеси жарыяланды. Анда эң коопсуз өлкө болуп кайрадан Исландия аталды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, эң коопсуз өлкөлөрдүн башында Исландия турса, андан кийинкиде Жаңы Зеландия орун алган. Бул тизмеде Португалия үчүнчү орунга жайгашты.

Биринчи ТОП-10до Австрия, Дания, Канада, Сингапур, Чехия, Япония жана Швейцария орун алды. Россия бул тизмеде 154-орунда жайгашкан. Ал эми Кыргызстан 93-орунда жайгашса, Казакстан 70-орунда, Өзбекстан 103-орунда.

Мындай тизме Экономика жана тынчтык институтунун (IEP) жыл сайын жарыяланган докладында түзүлгөн.

Аталган тизмеге жалпы 163 өлкө кирген. Ирак, Сирия жана Афганистан өлкөлөрү эң акыркы орунда жайгашкан.

Рейтинг негизиги үч факторго (коопсуздук, уланып жаткан жаңжалдар жана өлкөлөрдүн милитаризация) таянып чыгарылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости