www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте белгисиз адамдар дүкөндөрдүн бирин карактап кеткен. Бул тууралуу Бишкек ШИИББи билдирди. 

Маалыматка ылайык, 2-ноябрда Бишкектин 5-кичи районунда жашаган шаар тургуну милицияга кайрылып, ошол түнү белгисиз адамдар дүкөнүн талкалап, тоноп кетти деп арыз жазган. Айтымында, уурулар дүкөндүн ичиндеги төлөм терминалын бузуп, андан 60 миң сом алышкан жана 70 миң сомдук тамеки менен спирт ичимдиктерин уурдап кетишкен. 

Тергөө-иликтөө ишинин алкагында, милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип 3 жигит менен бир кыз кармалган. Кылмышка шектүүлөрдүн жанынан эки огу бар бир аба тапанчасы табылган. Кармалгандар СИЗОго  киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. 

Милиция сүрөттөгү адамдардан жабыркагандар болсо, төмөнкү номерлерге кайрылууну суранат: 0700 10-27-07, 0553 10-21-91, 102

Булак: NazarNews.kg

Последние новости