www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин аймагына желим баштыктарды жана буюмдарды алып кирүүгө тыюу салынды. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиршти.

Мындай чечим "Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө" жана "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу" жөнүндөгү мыйзамдарынын жоболорун эске алуу менен, тарыхый-маданий мурас объектилерин жана аларды сактоо зоналарын коргоо, натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

Кабыл алынган чечимге байланыштуу музей комплекстин аймагындагы буга чейин желим бөтөлкөлөрдө суусундук, пакеттердеги чипсы, кириешки, күнкарама жана башка саткан жайлар жабылды. Ал эми күндүн ысыгына ылайык жаңы шарттарды уюштуруу маселеси жай мезгилине чейин чечилерин айтышат министрликтен.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости