www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети судьяларга пара берүү шылтоосу менен өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жарандарды кармады.
УКМКнын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 4-июнунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө К.Н.Б. жана К.Д.Д. кармалган. Алардан мыйзамсыз жол менен алынган акча каражаттарынын бир бөлүгү — 100 миң АКШ доллары табылып, алынган.
Ошондой эле аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан жактоочу К.Д.Д.га карата өзүнчө кылмыш иши козголгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүүлөр кылмыш иши боюнча маселелерди чечүү жана судьяларга пара берүү шылтоосу менен ири суммадагы акча каражаттарын алдап алуу схемасына тиешеси бар деп шектелүүдө.
Учурда К.Н.Б. жана К.Д.Д. УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери улантылууда.