www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров студенттердин региондор аралык мобилдүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган Жарлыкка кол койду.

Документ жарандардын социалдык жана экономикалык абалына карабастан сапаттуу жана жеткиликтүү билим алууга шарт түзүү, кадрдык потенциалды чыңдоо жана өлкө аймактарында билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн тең салмактуу өнүктүрүү максатында кабыл алынды.

Жарлыкка ылайык, студенттердин региондор аралык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары бекитилди.

Министрлер кабинетине тапшырмалар

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине төмөнкү милдеттер жүктөлдү:

региондук тең салмактуулукту эске алуу менен мамлекеттик билим берүү гранттарынын квоталарын бөлүштүрүү;

мобилдүүлүк программасына катышкан студенттерге стипендия берүү;

студенттерди ички авиакаттамдар менен камсыз кылуу;

кеминде 9000 студентке ылайыкталган жатаканаларды этап-этабы менен куруу;

жатаканаларды спорт аянтчалары, ашканалар, окуу борборлору жана башка керектүү инфраструктура менен камсыз кылуу.

Ошондой эле 2027–2029-жылдарга республикалык бюджетти даярдоодо студенттик стипендиялар жана транспорттук чыгымдар үчүн каражаттарды караштыруу тапшырылды.

Жатаканаларды куруу мыйзамда тыюу салынбаган каржылоо булактарынын эсебинен ишке ашырылат.

Последние новости