www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Стамбулдун мурдагы мэри Экрем Имамоглу жана дагы 406 адамдан турган уюшкан кылмыштуу топ делгендердин соту башталды.
Жергиликтүү ЖМКлар кабарлагандай, ишти Стамбулдун 40-Кылмыш иштер соту карайт. Сот Мармара түрмөсүндө жума сайын 4 күн өткөрүлөт.
Ишке ылайык, 407 адам айыпталып, алардын 105и камакта, 7си издөөгө алынган. Прокуратура Имамоглуны уюшкан кылмыштуу топтун лидери деп эсептейт.
Аларга: Уюшкан топ түзүү жана башкаруу, паракорчулук, мамлекеттик мекемелерди алдоо, тендерди бурмалоо, акчаны адалдоо, мыйзамсыз маалымат алуу жана таратуу, мамлекеттик мүлккө зыян келтирүү, далилдерди жашыруу жана калкка жалган маалымат таратуу сыяктуу айыптар тагылууда.
Прокуратура эсептегендей, топтун ишмердүүлүгүнөн 160 миллиард түрк лирасы жана 24 миллион доллар зыян келтирилген.
Имамоглу 849 жылдан 2430 жыл 6 айга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн. Соттук отурумдар биринчи кезекте айыпталуучулардын инсандык маалыматын аныктоодон жана айыптоо резюмесин окуудан башталат.