www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 6-мартында Пекин шаарындагы Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгында Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Актилек Мусаева жана ШКУнун Башкы катчысы Нурлан Ермекбаев «ШКУ — ишеним жана кызматташтык мейкиндиги: Муратбек Иманалиевдин 70 жылдыгына карата» аттуу биргелешкен иш-чара өткөрүштү.

Иш-чарага Кытай Өкмөтүнүн ШКУ иштери боюнча атайын өкүлү, Кытай Эл Республикасынын ШКУдагы улуттук координатору Янь Вэньбинь, ШКУга мүчө мамлекеттердин Кытайдагы элчилери жана ШКУ мүчө мамлекеттердин ШКУ Катчылыгына караштуу туруктуу өкүлдөрү, Кытай Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, ШКУ Катчылыгынын кызматкерлери жана башка коноктор катышты.

Иш-чаранын башында ШКУнун Башкы катчысы Нурлан Ермекбаев сөз сүйлөп, Муратбек Иманалиевдин ШКУнун Башкы катчысы кызматында иштеген мезгилинде уюмдун институттук өнүгүшүнө, анын биримдигин жана эл аралык аброюн чыңдоого, ошондой эле Катчылыктын натыйжалуу иштеши үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө кошкон олуттуу салымын белгиледи.

Өз сөзүндө Элчи А.Мусаева катышуучуларга Муратбек Иманалиевдин көз карандысыз Кыргызстандын тышкы саясатынын калыптанышына, кыргыз-кытай мамилелеринин өнүгүшүнө жана Шанхай кызматташтык уюмун бекемдөөгө кошкон салымы тууралуу кеңири маалымат берди.

Актилек Мусаева Муратбек Иманалиевдин юбилейи ШКУнун тарыхындагы маанилүү учур — Уюмдун 25 жылдыгы жана Кыргыз Республикасынын ага төрагалык кылуусу менен дал келип жатканын белгиледи. Кыргыз тарап азыркы төрагалыкты кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана Уюм алкагында өз ара ишеним жана өнөктөштүк принциптерин бекемдөөгө кошумча дем берүү мүмкүнчүлүгү катары карайт, деп белгиледи Кыргызстандын Кытайдагы Элчиси.

Сөзүнүн жүрүшүндө Кыргызстандын дипломатиялык миссиясынын башчысы ошондой эле өлкөнүн тышкы саясатынын актуалдуу багыттарына токтолуп, анын ичинде Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин илгерилетүү, 2026-жылы өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүү, ошондой эле тоо күн тартибин жана тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсүн илгерилетүү боюнча эл аралык демилгелер, анын ичинде 2027-жылы «Бишкек+25» Экинчи Глобалдык тоо саммитин өткөрүү маселелерине токтолду.

Иш-чаранын соңунда Муратбек Иманалиевдин өмүрү жана кесиптик ишмердигине арналган фотокөргөзмө ɵткɵрүлдү.

Последние новости