www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азербайжандын биринчи айымы Мехрибан Алиева, Өзбекстандын биринчи айымы Зироатхон Мирзиёева, Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган жана Венгриянын премьер-министри Анико Левайдын жубайы Самарканддагы «Өзбекстандын түстөрү» көргөзмөсүнө катышты. Бул тууралуу Өзбекстандын ЖМКлар фондунун Камкорчулар кеңешинин төрагасынын орун басары, президент Мирзиёевдин тун кызы Саида Мирзиёева Telegram баракчасына билдирди.



Көргөзмөгө 14 сүрөтчүнүн 90дон ашык эмгектери коюлду, анын ичинде И.Савицкий атындагы Каракалпакстан Республикасынын Нукус мамлекеттик көркөм өнөр музейинин коллекциясынан алынган белгилүү эмгектер.


«Самарканд саммитинин кадырлуу коноктору Эмине Эрдоганды, Мехрибан Алиеваны жана Анико Левайды тосуп алганыбызга кубанычта болдук. Айрыкча Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышкан өлкөлөрдүн биринчи айымдары үчүн “Өзбекстандын түстөрү” аттуу көргөзмө уюштурулду.


Коноктор экспозициядан таасирленип, суктандырышты», — деп жазган Саида Мирзиёева.
Булак: NazarNews.kg