www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Лейлек РИИБдин Андарак милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн кызматкерлери алдамчылык жана киберкылмыштуулуктун алдын алуу максатында Сумбула айыл аймагынын тургундары менен профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө жарандарга алдамчылыктын кесептеттери, киберкылмыштуулуктун түрлөрү жана алардан сактануу жолдору тууралуу маалымат берилди. Айрыкча интернет аркылуу келген шектүү шилтемелерге жана тиркемелерге текшербей туруп катталбоо, жеке маалыматтарды белгисиз адамдарга бербөө, ошондой эле кандайдыр бир сунуштар түшкөн учурда жакын туугандарынан тактап, андан кийин гана чечим кабыл алуу керектиги эскертилди.
Милиция кызматкерлери айыл аймагындагы соода жайларындагы сатуучулар жана жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, киберкылмыштуулуктун алдын алуу боюнча кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.