www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Касымаалы Жантошев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалуу драма театры буздурулуп баштады. Далай тарыхый көз ирмемдерге күбө болуп, нечендеген чыгармачыл инсандардын тушоосун кескен, көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк тапкан бул театр — Каракол шаарынын маданий жүзү, руханий борбору болуп келген.
Учурда театр жамааты сахналык жабдыктарды, музыкалык аспаптарды, техникалык каражаттарды жана башка керектүү мүлктөрдү көчүрүп чыгуу иштерин жүргүзүүдө. Бузуу иштери бир айдын ичинде толук аяктайт деп мерчемделүүдө. Андан кийин дароо жаңы имараттын курулуш иштери башталат.
Жаңы театр заманбап талаптарга жооп берген, кең жана ыңгайлуу шарттары менен өзгөчөлөнгөн маданий жай болот. Имарат пайдаланууга берилгенден кийин маданий-массалык жана эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эл аралык, республикалык жана облустук конференцияларды, форумдарды, фестивалдарды уюштурууга, ошондой эле ар түрдүү акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө толук шарт жаралат.
Бул кадам аймактын маданий турмушун жаңы деңгээлге көтөрүп, чыгармачылык потенциалды өнүктүрүүгө жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөт.






