www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 26-февралдагы жыйында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын биринчи орун басарын шайлоо маселесин карашты.

«Эл үмүтү - Ата Журт» депутаттык тобу Жогорку Кеңештин Төрагасынын биринчи орун басары кызматына депутат Медербек Алиевдин талапкерлигин көрсөттү.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Медербек Алиев Жогорку Кеңештин Төрагасынын биринчи орун басары болуп шайланды. Анын талапкерлигин 74 депутат колдоду.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Белгилей кетсек, буга чейин депутат Чынгыз Ажибаев Жогорку Кеңештин Төрагасынын биринчи орун басарынын ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен тапшырган.

Андан тышкары, депутат Улукбек Узакбаев Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына кирди.

 

Последние новости