www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адам баласы бийик тоолорду багындырган доордо жашап жатабыз. Эверестке жүздөгөн адамдар чыгып, эң татаал чокулар карталарга түшүрүлүп бүткөндөй сезилет. Бирок дүйнөдө бир тоо бар, ага адам буту тийген эмес. Ал тоо – Кайлас.

Гималайдын кар баскан кыркаларынын арасында көк асманды тиреп турган бул чоку, сыртынан анча бийик эмес көрүнөт. Бирок мааниси боюнча бүтүндөй континенттин руханий символу болуп эсептелет. 6638 метрлик Кайлас тоосу дүйнөдөгү эң бийик тоолордун катарына кирбейт. Ошентсе да миңдеген жылдар бою адам акылы жетпеген сырларды сактап келет.

Кайласты өзгөчө кылган нерсе анын жалпы адамзаттык ыйык макамы десек жарашат. Анткени ал бир эле диндин эмес, бир нече цивилизациянын жүрөгүндө орун алган.

Айталы, Индуизм үчүн Кайлас – Кудай Шиванын түбөлүк тынчтыгы. Буддизмде ал дүйнөнүн руханий борбору болгон Меру тоосунун образы катары кабылданат. Жайнизмде руханий боштондукка жеткен биринчи устаттын изи деген ишенимге ээ. Ал эми Тибеттин байыркы бон ишениминде болсо асман менен жерди бириктирген ыйык чекит катары саналат. Бул фактылар Кайласты жөн гана тоо эмес, дүйнөлүк руханий борбор кылып көрсөтөт.

Эмне үчүн адам баласы Кайласка чыкпайт? Себеби техника жетишсизби? Же климат катаалбы? Жок. Кайлас – тыюу салынган чоку. Кытай бийлиги да, эл аралык альпинисттик коомчулук да бул тыюуну таанып келет. Бирок расмий чечимдердин артында миң жылдык ишеним жатат.
Элдик уламыштарда айтылгандай, Кайласка чыгуу дүйнөнүн табигый жана руханий тең салмагын бузуу менен барабар. Ошондуктан чокуга жакындаган адамдарды табышмактуу кырсыктар, күтүүсүз бороон-чапкындар, аң-сезимге таасир эткен көрүнүштөр коштойт делет. Бул окуяларды илим толук далилдей элек.

Кайлас сыртынан караганда кадимки тоого окшобойт. Анын формасы пирамида түспөлүн так чагылдырып турат. Тегиз капталдар, так горизонталдуу катмарлар, симметрияга жакын түзүлүшкө ээ. Булардын баары суроо жаратат.

Айрымдар муну жаратылыштын сейрек кездешкен керемети десе, башкалары байыркы, азыр белгисиз болгон цивилизациянын изи болушу мүмкүн деп божомолдошот. Ал тургай Кайлас – Жер шарынын энергетикалык борборлорунун бири деген пикирлер да айтылып келет. Илим бул көз караштарды этияттык менен кабылдап, ак же көк деген чечим чыгарууга батына элек.

Арийне, Кайласка келген адамдар чокуга чыгууга эмес, айланып өтүүгө умтулушат. Себеби 52 чакырымдык айланма жол ички тазалануунун символу болуп эсептелет. Саякатчылар бул сапарды тынчтык, сабыр жана ой жүгүртүү менен басып өтүшөт. Балким, Кайластын улуулугу да ушундадыр. Анткени ал адамды жеңишке эмес, таазимге чакырат.

Ток этерин айтканда, Кайлас – бул адам баласы үчүн чек. Адам канчалык бийик тоолорго чыкпасын, баары эле багындырылууга тийиш эмес экенин Кайлас эске салып турат. Ал бизге табият менен күрөшүүнү эмес, аны угуп, түшүнүүнү үйрөтөт. Андыктан адамзатка кээде бийиктикке чыгуу эмес, токтоп, баш ийип, ой жүгүртүү маанилүүрөөк десек жарашат.