www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жер жүзүндө адам дээрлик барбаган аймактар али да сакталуу. Ошолордун эң өзгөчөлөрүнүн бири Атлантика океанынын түштүгүндө жайгашкан Буве аралы десек болот. Ал расмий эмес түрдө “дүйнөдөгү эң обочолонгон жер” деп аталат.

Арал Африкадан 2600 чакырым, Антарктидадан 1700 чакырым алыстыкта жайгашкан. Аянты болгону 49 чарчы чакырым, дээрлик толугу менен муз менен капталган. Жээктери тик жарлардан туруп, деңизден түшүү өтө кыйын. Ушул себептен бул жерге адамдар сейрек гана бара алышат.

Буве аралы – 1739-жылы француз деңизчи Жан-Батист Буве де Лозье тарабынан ачылган. 1927-жылдан бери ал Норвегиянын аймагы болуп эсептелет жана азыр корук макамында корголот. Аралда туруктуу жашаган калк жок.  Болгону кээде илимпоздор гана изилдөө жүргүзүп кетишет. Бул жерде пингвиндер, тюлендер, деңиз куштары жашайт. Адамдын таасири дээрлик сезилбейт.

Эң кызыктуу жери Буве аралынын өзүнүн .bv интернет-домени бар. Ал 1997-жылы катталган. Бирок аралда мамлекет да, экономика да, калк да жок болгондуктан, бул домен эч качан колдонулган эмес.

Арал климаттын өзгөрүшүн, муз катмарларын жана адам тийбеген экосистемаларды изилдөө үчүн өтө баалуу. Буве – табияттын таза абалын сактап калган сейрек жерлердин бири.

Катуу шамал, муздак суу, тик жарлар мунун баары Бувени кол жеткис кылып турат. Ошондуктан ал көп учурда “арал-арбак” деп да аталат. Бул адамзаттын технологиялык доорунда да табият үстөмдүк кылганын эске салган символ. Ал картада бар, интернет-домени бар, бирок дээрлик эч ким барбаган өзгөчө жер.

Последние новости