www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министрлиги тарабынан жашы жете элек өспүрүмгө карата жасалган кылмыш тууралуу жалган маалымат тараткан жаран кармалды.
ИИМден билдиришкендей, ал буга чейин бир нече жолу соттолгон, 2002-жылы туулган Нарынбек уулу Сыймык экендиги аныкталды.
Укук коргоо органдары аталган жарандын окуянын жагдайлары тууралуу так маалыматы жок экендигин аныкташкан. Ал ойдон чыгарылган маалыматтарды таратуу менен коомчулукту адаштырып, коомдогу чыңалууну күчөткөн. Анын өзүнүн айтуусунда, мындай аракетти социалдык тармактарда көңүл бурдуруу жана жазылуучулардын санын көбөйтүү максатында жасаган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 363-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык - пайда табуу ниетинде, кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо - боюнча кылмыш иши козголду.
Нарынбек уулу Сыймык мыйзамда белгиленген тартипте кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Ички иштер министрлиги жарандарды ведомствонун расмий булактарында жарыяланган маалыматтарга гана ишенүүгө чакырат.