www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Монголияда өтүп жаткан таэквондо ITF боюнча Азия чемпионатына кыргызстандык спортчулардын катышуусуна байланыштуу маалымат берди.

Агенттиктин маалыматына ылайык, аталган мелдешке катышууга даярданып жаткан спортчулар Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү болуп саналбайт.

Мыйзам талаптарына ылайык, мамлекет тарабынан каржылык колдоо улуттук курама командаларга көрсөтүлөт. Ал эми курама команданын курамы расмий тандоо жана бекитүү жол-жоболору аркылуу аныкталат.

Ошондуктан бул мелдешке катышуу Кыргызстандын улуттук курама командасынын катышуусу катары эсептелбейт жана мамлекеттик бюджеттен каржыланган эмес.

Ошондой эле спортчулардын авиабилеттерин уюштуруу үчүн үчүнчү тарап компаниясы тартылганы маалымдалды. Кийинчерээк билеттер талаптагыдай сатылып алынбаганы аныкталып, спортчулардын өз убагында учуп кетүүсүнө тоскоолдук жаралган.

Учурда бул маселени жөнгө салуу боюнча тиешелүү органдар жана жооптуу тараптар тарабынан иштер жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги спорттун бардык түрлөрүн өнүктүрүүгө жана кыргызстандык спортчулардын эл аралык мелдештерге катышуусуна мыйзам чегинде көмөк көрсөтүүнү улантарын белгиледи.

Последние новости