www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков баштаган делегация Латвия Республикасына расмий иш сапар менен барды. Курамында парламент депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Динара Исаева, Гүлшат Асылбаева, Өмүрбек Бакиров, Жаныбек Исаев жана Бакирдин Субанбеков бар.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендерге таянсак, 14-16-октябрга чейинки үч күндүк сапардын алкагында алгач бир катар Латвия лидерлери менен жолугушуулар болот. Андан соң ал сапар Литва өлкөсүнө улантылып, анда дагы ушундай эле лидерлер менен жолугушуулар болору айтылат. Анткен менен, мындай эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн максаты эмне экени айтылбайт. Чет өлкөлөөнүн кызыкчылыгы кайсы? Белгисиз.
Белгилей кетсек, 10-октябрь күнү, Латвия Сейминин (Латвия парламенти) атайын сайтында, кыргыз парламентинин спикери Дастан Жумабеков баштаган бул делегация келери тууралуу маалымат пайда болгон. Анда, спикер Эркиндиктин эстелигине гүл коюу аземине катышып, ал өлкөнүн улуттук китепканасынын китеп текчесин толтуруу үчүн садага кылары айтылат.
Булак: NazarNews.kg