www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматы шаары боюнча адистештирилген район аралык соту К. аттуу кылмышкерге карата өкүм чыгарды. Кылмышкер 2004-жылы жана 2007-жылы туулган жашы жете элек кыздарга зордук-зомбулук иш аракеттерди жасаган жана аларды зордуктаган.  Бул тууралуу “Казинформ” билдирди.

Мааламатта “Сот К. Аттуу жаранды күнөөлүү деп таап, катуу режимдеги түрмөдө 20 жылга эркинен ажыратуу жана жазасын өтөө чечимин чыгарды. Мындан сырткары кылмышкер өмүр бою педогогикалык кызматтарда, жашы жете электер менен иштөө укугунан ажыратылды”,-деп аталган мекемеден кабарлашкан.

Ошондой эле кылмышкерге химиялык кастрация колдонулуп, жан жеринен түбөлүккө айрылат.

Кылмыш иштери боюнча Алмата шаардык сотунун коллегиясы жогорку чечимди күчүндө калтырып, биринчи инстанциядагы чечимди өзгөртүүсүз калтырган.

Өкүм күчүнө киргендиги маалымдалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости