www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 20-майында, “Сорос-Кыргызстан” фондунун аткаруучу директору Шамил Ибрагимов жана фонддун Саламаттыкты сактоо программасынын директору Айбек Мукамбетов, COVID-19 коронавирусуна каршы күрөшүү иш-чарасынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтуна гуманитардык жардам катары жеке коргонуу каражаттарын тапшырды. Алар - коргоочу костюмдар, беткаптар, мээлейлер, бут кийимдер, антисептиктер жана дезинфекциялоочу каражаттар.

Токон Мамытов фонддун жетекчилигине өз убагында көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, коронавирус пандемиясынын учурунда бул каражаттар Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлерине жабык жана жарым жабык мекемелерге барганда, иш сапарларда ошондой эле тиешелүү мониторинг учурунда жана күнүмдүк иш менен алектенүү маалында ыйгарым укуктарын толук аткарууга мүмкүндүк берет деп белгиледи.

Булак: NazarNews.org

Последние новости