www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет башчысы бүгүн өтө турган Кыргызстан-Филиппин беттешинин алдында ийгиликтерди каалап, Кыргызстандын футбол боюнча курамасынын Азия Кубогуна катышып жатканы быйылкы жылдагы эң чоң спорттук окуялардын бири экенин белгиледи.

«Биздин футболдук команда биринчи жолу ушундай абройлуу чемпионатка катышып жатат. Командага айтып коюңуз, ар бир кыргызстандык сыяктуу мен да биздин команданын күйөрманымын жана сиздердин жеңишиңиздерди каалайм. Футбол боюнча биздин улуттук команда Азия Кубогунда өлкөбүздү жакшы көрсөтүп жатат», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

"Ак шумкарлар" буга чейин эки оюн катары менен утулганына карабай, дагы деле тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүн жогото элек. Ал үчүн ушул беттеште утушу зарыл.

Кыргызстан ойноп жаткан тайпада Кытай менен Түштүк Корея кийинки финалдык бөлүккө жолдомо алышкан.  Белгилей кетсек, Кыргызстан Азия кубогуна биринчи жолу катышып жатат. Тайпадагы алгачкы оюнунда Кытай курамасына 2:1, экинчи оюнунда Түштүк Кореяга 1:0 эсебинде утулуп калган.

Эске салсак, оюнда Кыргызстан Филиппинди ири эсепте утса, кийинки баскычка чыгат. Кыргызстан тарыхта биринчи жолу Азия биринчилигине катышып жатат. Бул алар үчүн сыноо болуп жатканын оюнчулар айтышууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости