Сооронбай Жээнбеков: "Калк тиешелүү дары-дармектер менен камсыздалышы керек"
Расмий кабарлар  |   |  3928

Президент Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-июлда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрдү.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу  боюнча чаралар талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков айрым дары-дармектердин кымбатташы жана таңкыстыгы жарандардын негиздүү нааразычылыктарын жаратып жатканын белгиледи. 

«Биз дары-дармектин запасы менен камсыздашыбыз керек. Бул багытта фармацевтикалык компаниялар менен тыгыз иштөө кажет, калк тиешелүү дары-дармектер менен камсыздалышы керек», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями