www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Урматтуу Роза Отунбаева! Мен сизге бүгүн унчукпай койо албайм! Анткени, мен көкүрөгүмдө тумардай сактап, жаман көз, жаман сөздөн ала качып, таберик тутуп келе жаткан энемден алган улуу жөрөлгөмө шек келтирип, мазактап, түкүрүп отурасыз. Буга чыдай албайм. Буга чейинки жасаган көп олдоксон иштериңизди, "Койчу эми аял киши турбайбы, койчу эми эне экен"-деп, энемден алган улуу нарктын чегинде карап, сыйлап келген элем. Антпесе, мен 2010-жылы Бакиевге колидор ачып берип, эл экиге бөлүнгөнү калды деп алдап чыгарып жибергениңизде, же, болбосо 2010-жылдагы июнь окуясы болорун билип туруп алдын албагаңыз үчүн, же, болбосо Ош окуясындагы жабыр тарткандарды экиге бөлүп башка улуттарга бышык кирпичтен үй курдуруп, кыргыздарга салкын мамиле менен караганыңызда эле кыйкырып чыккым келген. Ошондо колуңузга өлүп бергим келген. Бирок, эне экениңизден улам жакшылык болор деген үмүттө болгом...
Ал эми, бүгүн айтам. Мага демектен көтөрүп турган асманыңыз болсо таштап жибериңиз. Сиз колдогон топтун музейдеги көтөрүп чыккан көйгөйүн элдин баары билет. Бул бүгүн эле пайда боло калган жок. Элибиз эгемендикти алган күндөн тарта жылдап, айлап жыйылып келе жаткан көйгөйлөрдүн жыйынтыгы. Аялын сабаган эркек да күнөөлүү эмес, аборт кылдырган аял да күнөөлүү эмес. Ушундай акыбалга алып келген мамлекетибиздин тойбогон жемкорлору күнөөлүү. Жумуш жок. Жетишпестик ар бир үйдү муунтуп турат. Сиз ушул маселелерди чечип, жумушсузга жумуш таап берүүнү, завод-фабрикаларды курууну, элибиз өз колу менен өндүргөн нукура тамак-аштарды жайылтууну колго алыңыз.
Ал эми баланы элден уялбай ачык жерде эмизүүгө үндөө жеткен акмакчылык. Эгер чын эле ошондой аялдарга күйөт экенсиз президент болуп турганыңызда ошол көйгөйлөрдү мамлекеттик деңгээлде карап , чече турган маселелерди ойлоп таап, ордуна койбойт белеңиз. Аборт кылдыргандан башка энелердин, кыз-келиндердин толгон токой көйгөйү бар. Аларды комплекстүү түрдө чечүү үчүн чоң мамлекеттик машина ишке кириши керек. Ошону эмнеге ойлонгон жоксуз. Сиз менен менин айырмам асман менен жердей. Бирок сиз, мен жасай турган ишти жасап, көргөзмө уюштуруп, кече өткөрүп, ылдый жакта жүрөсүз.
Эгер мен сиздин ордуңузда болсом кыргыз энелеринин башын бириктирип "Кызга кырк үйдөн тыюу", "Аял жакшы - эр жакшы", "Эр сыйлаган эшикте калбайт" деген ж.б. темадагы чоң иш чараларды эл аралык деңгээлде өткөрүп, кыргыздын улуу эл экенин, улууну урматтаган, кичүүнү сыйлаган, эркекти пир тутунган наркын даңазаламакмын. Салтыбыздын башка элдер үйрөнө турган улуу наркы бар экенин жар салмакмын. Ар убак сизден ушундай иш чараларды күтүп, жада калса барып ушундай сунуштарды айтып сиз менен чогуу иш алып баргым келген.
Бирок, сиз элибиздеги нарктуулукту тутунган адамдардын тизмесин жакшы билесиз. Ал тизме сизге нан берип, идея берип турган куйругу кулач, канаты карыш мамлекеттен берилген. Шибегени капка ката албаган сыяктуу эле, сиздин баскан-турганыңыз, жасаган ишиңиз кимдердики экени көрүнүп турат. Болгону сиз добушуңуз да чыкпаган, кыймылды да өз алдыңызча жасай албаган куурчаксыз. Бул ачуу чындык. Менин айтайын дегеним ушул. Эл арасындагы карапайым эненин үнү деп билиңиз.
Сонунбүбү Кадырова, "Энелер Жолу" коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү
Булак: NazarNews.kg