www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусундагы Солтон-Сары алтын кениндеги Бучук тилкесинде өндүрүштүк калдыктар жайыт жерлерге тарагандыгы тууралуу маалымат тастыкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, өндүрүштүк калдыктар тазаланып, аймак толугу менен иретке келтирилди. Жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн компанияга Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 23 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды. Жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын кайталап бузууга жол бербөө жана өндүрүштүк ишмердүүлүктү жүргүзүүдө экологиялык ченемдерди так сактоо зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Буга чейин аталган министрликке Бучукта пайдалуу кендерди казып алуу иштерин жүргүзгөн компаниянын өндүрүштүк калдыктары шамал аркылуу жайыт жерлерге тарагандыгы тууралуу жергиликтүү тургундардан маалымат тушкөн.

Последние новости