www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда Ат-Башы районунун аймагындагы алтын кенине байланыштуу тараган видеого карата тиешелүү органдар тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 26-июлунда аталган факты Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүндө каттоого алынып, алдын ала териштирүү иштери башталган.
Териштирүүнүн жүрүшүндө Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл аймагына караштуу Балык-Суу жайлоосунда жайгашкан алтын кенинде «Шах-Тал» жоопкерчилиги чектелген коому мыйзамдуу негизде иш жүргүзүп жатканы аныкталган. Ишкана жер казынасын пайдаланууга укук берүүчү тиешелүү лицензиянын негизинде иш алып барары белгиленген.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 2026-жылдын 25-июлунда жаран И.Б. карьердин аймагына барып, ал жерде иштеп жаткан кызматкерлер менен пикир келишпестикке келген. Андан соң уюлдук телефону аркылуу видео тартып, анда айтылган билдирүүлөр кийинчерээк социалдык тармактар аркылуу кеңири тараган.
Текшерүү учурунда жаран И.Б. эмоцияга алдырып видео тартканын жана кызматкерлерге карата орунсуз сөздөрдү колдонгонун моюнуна алып, кечирим сураганы маалым болду.
Ошондой эле анын спирт ичимдигин колдонгон-колдонбогонун аныктоо максатында медициналык кароодон өткөрүлүп, жыйынтыгында спирт ичимдигин пайдаланганы аныкталган.
Учурда жарандын айткан сөздөрүнө жана аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалды.
Мындан тышкары, И.Б. мас абалында автоунаа башкаргандыгы боюнча өзүнчө материал катталып, укуктук баа берүү максатында Ат-Башы РИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы тарабынан кошумча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Териштирүү иштери уланууда. Анын жыйынтыгы менен мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү процессуалдык чечим кабыл алынары белгиленди.