www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сокулукта жашы жете элек кызды ур-токмокко алуу фактысы боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан билдиришти.
2026-жылдын 21-августунда Сокулук районунун аймагында жашы жете элек кызды ур-токмокко алуу фактысы Сокулук РИИБде катталып, учурда тиешелүү тартипте текшерүү жүргүзүлүүдө.
Окуянын бардык жагдайларын аныктоо максатында тиешелүү экспертизалар дайындалып, зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзам чегинде тиешелүү чечим кабыл алынат.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда өспүрүмдү өзү теңдүү кыз сабап жаткан видео тараган. Кадрларда кызды башына ургулап, тепкилеп жатканын көрүүгө болот.