www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сойкулук байыркы кесиптердин бири экендиги баарыңыздарга эле маалым болсо керек. Андыктан ал тууралуу ашыкча маалымат берүүнүн да кажети жоктур. Ошол себептен азыркы учурда интимдик кызмат кайсы мамлекетте кандай нукта “өнүгүп” жатканына саресеп салдык.  

Дүйнө жүзүнө “Секс туризм” деген аталыш менен белгилүү болгон Таиландда мамлекет тарабынан тыюу салынгандыктан сойкулук мыйзамдаштырылган эмес. Ошондой болсо да жашыруун түрдө туристтерди тейлеген сойкуканалар бар. 

Чехия мамлекетинде сойкулук мыйзамдаштырылган. Ал мыйзамдын негизинде сойкуларга интимдик кызматты атайын белгиленген жайда гана пайдаланууга уруксат берилген. Башка жерде кызмат көрсөткөн сойкулар жоопко тартылат. 

Германияда да сойкулук мыйзамдаштырылган. Аталган өлкөдө сойкулукту кадимки жумуш катары эле кабыл алышат. Бирок кимдир бирөө сойкуну мазактап, кордосо жоопко тартылып, төрт жылга чейин эркинен ажыратылат. 

Голландия мамлекетинде сойкулук 1988-жылы мыйзамдаштырылган. Кызыгы, мамлекеттин карамагындагы банктарда сойкулар үчүн атайын эсептер ачылган. Андыктан мамлекеттик казынага бир топ киреше түшүп турат. 

Түркияда Голландиядан айырмаланып сойкулукту мыйзамдаштырууга тыюу салынган. Анткен менен мамлекетке салыктын көбүн сойкулар төлөшөт. 

Тайвань мамлекети дүйнөгө эң арзан сойкулары менен белгилүү. Бир гана борбор шаарында сойкукана ачылган эмес. Ал эми калган баардык аймактарында, ал тургай алыскы кыштактарына чейин сойкукана ачылган. 

АКШнын бир гана штатында денесин сатуу үчүн сойкуларга уруксат берилген. Бул жакта жумушсуздар гана сойкулук менен алектенишет.

Кызыгы, “кыздык” белгиси анча бааланбагандыктан сойкулук сейрек кездешет. Түгөйлөр болсо жарандык никеде жашашып, качан гана бири-бирине көнүшкөндөн кийин баш кошушат. Ошон үчүн бул жакта сойку деген түшүнүктү башкача кабыл алышат. Элдин көпчүлүгү: “Колунда жок жакыр кыздар гана сойку болот” деп ойлошот. 

Францияда болсо сойкулук 1946-жылы эле мыйзамдаштырылган. Анткен менен көчө сойкуларына катуу тыюу салынган. Себеби, көчө сойкуларын эл: “Жаман оорулардын түрүн тараткан өлүм коркунучтары” деп эсептешет. 

Италия мамлекетинде 2002-жылы сойкулук боюнча атайын мыйзам кабыл алынган. Аталган мамлекетте элдин көзүнчө денесин саткан сойкулар айып пул төлөшөт. Мыйзамга ылайык сойкулар жашыруун түрдө гана иштегенге укуктуу. 

Н.Гектар 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости