www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусундагы Соң-Көл көлүндө мыйзамсыз балык уулоого каршы кезектеги рейд жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө көлдөн узундугу болжол менен 150-200 метрге жеткен синтетикалык балык уулоочу тор чыгарылды.
Тиешелүү кызматтардын маалыматына ылайык, аныкталган мыйзам бузуу фактысы боюнча мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, рейддин алкагында Соң-Көл жайлоосундагы эс алуучу жайлардын ээлери жана жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар өткөрүлүп, мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу, жаратылыш байлыктарын коргоо жана чет өлкөлүк жарандар менен ар кандай чыр-чатактарга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Белгиленгендей, рейд Соң-Көл көлүндө мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу жана анын алдын алуу максатында уюштурулуп, ага Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, Нарын аймактык экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын өкүлдөрү жана Соң-Көл балык чарбасынын кызматкерлери катышты.