www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын прокуратурасы тарабынан шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкеринин социалдык тармактар аркылуу жарыялаган кайрылуусунун негизинде текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында кызматкерлерден мыйзамсыз ири өлчөмдө акча каражаттарын чогултуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Тактап айтканда, жогоруда аталган башкармалыктын башчысы И.Р., Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын инспекторуна акча берүү максатында ар бир кызматкерден белгилүү бир өлчөмдө акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуп, өзүнүн электрондук капчыгына которткон.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Последние новости