www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Си Цзиньпин юанды дүйнөлүк резервдик валюта кылууну сунуштады. Бул тууралуу Financial Times басылмасы жазды.
Анын айтымында, өлкөдө эл аралык соодада, инвестициялык жана валюта рынокторунда кеңири колдонууга жарай турган «кубаттуу валюта» түзүү зарыл.
Financial Times басылмасы Кытай тараптан мындай билдирүүлөр дүйнөлүк рыноктордогу белгисиздик күчөгөн учурда жасалганын белгилейт. АКШ долларынын алсырашына, Федералдык резервдик системанын жетекчилиги өзгөрүшү мүмкүн деген божомолдорго, ошондой эле геосаясий жана соодадагы чыңалууга байланыштуу борбордук банктар доллар активдерине болгон көз карашын кайра карап чыгууга мажбур болууда. Ошондой эле, бул жагдай АКШнын таасирин чектей турган стратегиялык тең салмак катары каралып жатат.