www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Швейцария Кыргызстандын баштапкы медико-санитардык уюмдарына 43 млн сомдон ашык суммага компьютердик жабдууларды берди. Бул тууралуу Швейвариянын элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Швейцариянын элчиси Оливье Бангертер үй-бүлөлүк дарыгерлер топторун техникалык жактан жабдууну колдоо максатында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге 320 компьютер, үзгүлтүксүз энергия булактарын (UPS) жана Касперский лицензиясын тапшырды.

Бул IT жабдуулар Кыргызстандын түштүгүндөгү жана Бишкек шаарындагы 228 баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына өткөрүлүп берилди. Жабдуулар “Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” швейцариялык долбоорунун алкагында электрондук саламаттык сактоону чыңдоо максатында өткөрүлүп берилди.

Республикада баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатууда жана жугуштуу эмес ооруларды дарылоону жакшыртууда техникалык жабдуулар маанилүү ролду ойнойт. Ошондой эле саламаттык сактоо программаларына, иш-чараларына мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого көмөктөшөт, жыйынтыгында бул Кыргызстан калкынын ден соолугунун жакшырышына алып келет.

Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган “Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” долбоору сапаттуу баштапкы медико-санитардык жардам көрсөтүүгө бирдей мүмкүнчүлүк алуу жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу аркылуу Кыргызстан калкынын ден соолугун жана бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган. Долбоор Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарын камтыган, ал эми азыр, долбоор Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында иш алып барууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости